Балыкчыда казакстандык киши көлгө чөксө, Баткенде аял каналга түшүп кетти

© AFP / ANDER GILLENEAСуудан издегенден кийин ӨКМ кызматкери. Архив
Суудан издегенден кийин ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ эки киши суудан көз жумганын билдирди. Куткаруучулар алардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарынын "Алия" пансионатында 53 жаштагы казакстандык киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ кечки саат 20:00дөр чамасында болгон. Коңшу өлкөнүн жаранын табууга үч киши тартылган. Алар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошондой эле кечээ саат 18:30дарда Баткен шаарындагы Батырханов каналына 49 жаштагы аял түшүп кеткени айтылды. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө тогуз куткаруучу тартылып, сөөгүн укук коргоо органдарына беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0