Ош шаарында эки автоунаа кагышып, 12 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди

Ошто эки унаа кагышып, өспүрүм бала оор абалда ооруканага жеткирилди. Сүрөт

150
(жаңыланган 21:54 10.06.2021)
Окуя болгон жерге Кайгуул милициясы чакырылып, кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ош шаарында эки автоунаа кагышып, 12 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • На месте ДТП с участием двух легковых авто в городе Ош
    Ош шаарында эки автоунаа кагышып, 12 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • На месте ДТП с участием двух легковых авто в городе Ош
    Кырсыктан Mersedes үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы орундугунда келе жаткан 12 жаштагы өспүрүм жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • На месте ДТП с участием двух легковых авто в городе Ош
    Кырсык 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында шаардын Кара-Суу көчөсүндө болгон.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарында эки автоунаа кагышып, 12 жаштагы өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди

Анын айтымында, кырсык 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында шаардын Кара-Суу көчөсүндө болгон. Matiz үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып кеткен. Андан өтүп кетүүгө аракет кылган Mersedes үлгүсүндөгү автоунаа Matiz үлгүсүндөгү көлүктүн артында келе жаткан Malibu үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Кырсыктан Mersedes үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы орундугунда келе жаткан 12 жаштагы өспүрүм жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ал эми Malibu унаасынын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге Кайгуул милициясы чакырылып, кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатканы айтылды.

150
Белгилер:
жол кырсык, өспүрүм, Ош
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (85)
Тема боюнча
Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч киши көз жумду. Үрөй учурган каргашанын сүрөтү
Жайылда жолтандабас менен жеңил унаа кагышып, бир адам мерт болду. Сүрөт
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

24
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

24
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Бүтүрүүчү кыз мектепте. Архив

Кеминдеги бүтүрүүчү кыздын өлүмү. Министрлик ата-энелерге кайрылды

550
(жаңыланган 16:07 22.06.2021)
Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, киши колдуу болгон кыз токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган адам болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылуу жасап, ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу үчүн балдарына көз салып, аларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Ведомство №1 Кемин орто мектебиндеги 9-класстын бүтүрүүчү кызынын өлүмү боюнча тынчсыздануусун билдирген. Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, ал токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган кыз болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

"Каргашалуу окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылып, балдарды ар кандай кырсыктардан алып калуу үчүн жайкы каникул учурунда аларга тыкыр көңүл бурууга чакырат", — деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда өлтүрүлгөн. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.

Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду.

550
Белгилер:
зордуктоо, өлүм, бүтүрүүчү, Билим берүү министрлиги, Кемин
Тема боюнча
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Май куюп жаткан автоунааны "минип" калган Lexus. Кырсыктан кийинки видео
Нью-Йорк шаарындагы талкаланган дүкөн. Архив

Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

0
(жаңыланган 16:42 23.06.2021)
АКШда 2008-жылдагы глобалдык каржылык каатчылыгынан бери мындай инфляция кайталана элек болчу. Бирок жөнгө салуучу орган монетардык саясатты катаалдатуудан баш тартууда.

Deutsche Bank мындай аракетсиздиктин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертишти. Бул – бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн опурталдуу абал. Аталган державада акчанын нарксызданышы дүйнөгө кандай таасир этери тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Инфляциянын күч алышы

Май айында АКШда жылдык инфляция беш пайызга чыкты. Ал эми керектөөчүлүк баалардын, энерготашуучу жана азык-түлүк сымал туруксуз товарларды кошпогондо, базалык индекси (инфляция деңгээли) былтыркыга салыштырмалуу 3.8 пайызга өстү. Бул – 1992-жылдын июнунан берки эң жогорку көрсөткүч. Автомобиль, техника, мебель, авиабилет, кийим-кече, азык-түлүк – баары кымбаттады.

Дүйнөлүк банктын экономисттери инфляцияны даректөө саясатын жүргүзгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия чочулай турган жагдай жок экенин айтышат. Көрсөткүчтү максаттык диапазондун чегине кайтарууга болот. Анткен менен Кошмо Штаттарда кырдаал башка. Федералдык резервдик системанын бир чара көрө турган түрү жок. Март айында эле бул тутумдун башчысы Жером Пауэлл таргеттин (даректөөнүн) эки пайызга утурумдук көтөрүлүшүндө эч кандай көйгөй жоктугун билдирген.

Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнүн себептери түшүнүктүү. Пандемия башталгандан тарта америкалык бийлик акча басуучу станокту болушунча иштетүү менен каатчылыкка каршы чара көрүүгө алты-тогуз триллион долларга дейре сарптаган. Ал эми Жо Байдендин келиши менен өлкө экономикасына дагы эки триллиондой каражат салынды. Бул – негизинен социалдык өбөлгөлөрдүн гиганттык топтому.

Ири карыз жана чабалдаган доллар

Акчанын каптаганы мамлекеттик карызды болжол менен төрттөн бирге жогорулады. Эми бул 28 триллион долларга (жылдык ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 130 пайызы) арбын. Экономисттер экономикага жаңы акча салуу жакшы натыйжага алып келбейт. Өндүрүш көлөмүн тийиштүү деңгээлге чыгарбастан, акчанын ашыкча айланышынын айынан бюджетке күч келет, баалар көтөрүлөт.

Инфляциялык тобокелдик кийинкиге жылдырылган керектөөчүлүк суроо-талапты да күчөтөт. Пандемия убагында америкалык керектөөчүлөр 1,6 триллион доллар топтоп, эми акырындап коротууга киришти. Жаңы басылган купюралардын күчтүү агымы америкалык валютага доо кетирди. Доллардын куну түшүп, инвесторлор үчүн жагымдуулугунан ажырап барат.

2020-жылы евро салыштырмалуу 0,8934төн 0,8149га, дээрлик тогуз пайызга түштү. Быйыл дагы беш-жети пайызга төмөндөшү ыктымал. Дагы бир башка фактор — бюджетке болуп көрбөгөндөй басым. 2020-каржылык жылында бюджеттин таңсыктыгы 16,1 пайызга (3,1 триллион долларга) жеткен. Бул – 1945-жылдан берки эң ири көрсөткүч. Дал ошол жылы өкмөт масштабдуу аскердик операцияларга эбегейсиз каражат бөлгөн.

Суроо жаралат

Ошентсе да экономикалык максаттарга жетүүдө, атап айтканда, эмгек рыногун калыптандырууда "алгылыктуу прогрессти" көрмөйүнчө Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди жогорулатууга же активдерди сатып алуу программасын кыскартууга ниеттенбейт. Жөнгө салуучу органдын өз күчүнө гана ишенгендиги жана аракетсиздиги суроо туудурат.

"Күрөшүү үчүн так план зарыл. Салык-бюджеттик саясатты аныктаган адамдар алардын чечимдери кимдерге зыян келтирерин түшүнүүгө тийиш. Америкалыктардын сексен жети пайызы баалардын өсүп жатканына кабатыр.

Пауэлл мырза бул олуттуу маселеге убактылуу тоскоолдук катары кол шилтөөнү токтотуп, инфляциянын кескин секиригин моюнга алууга милдеттүү", — дейт сенатор Рик Скотт.

Экономисттер Федералдык резервдик тутумдун андан да коркунучтуу көрүнүшкө – фондулук рынокто глобалдык көбүктүн түзүлүшүн толугу менен танып жатканына көңүл бурууга чакырат. Акциялардын баасы тарыхый жогорку чегине жетип турганда өтө төмөн пайыздык үстөктөрдү колдоону, балансты айына 120 миллиард долларга жогорулатууну улантуу менен Федералдык резервдик система рынокту ого бетер козутушу мүмкүн.

"Жөнгө салуучу орган экономиканы кыйын шартка кептегени турат, акыры барып инфляциянын максаттуу деңгээлине жетүү үчүн акча-насыя саясатын катаалдатууга мажбур болмокчу", — деп белгилейт Америкалык ишкерлик институтунун талдоочусу Десмонд Лахман.

Алсыздар жабыр тартышы ыктымал

Кандай болсо да бул америкалыктарга гана тургай, бүт дүйнөгө көйгөй жаратарын эскертишет Deutsche Bank талдоочулары. "Кошмо Штаттарда инфляцияны тоготпоо глобалдык экономика үчүн опурталдуу. Анын кесепети, айрыкча коомдун эң аяр катмары үчүн оор болушу ыктымал", — деп түшүндүрөт банктын башкы экономисти Дэвид Фолкертс-Ландау.

Германиядагылар инфляция токтобой турганын, жакынкы жылдары, балким, 2023-жылы каатчылыкка кептеши мүмкүн экенин жоромолдошот. Эксперттер биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартарын белгилешет. Өнүккөн экономикада акчанын нарксызданышы инвесторлордун пайыздык чендердин жогорулашына үмүттөрүн арттырат. Бул мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, натыйжада карыз алуу кыйла кымбатка түшөт. Ошентип, экономисттер өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн глобалдык калыптандыруунун башаты позитивдүү фактордон коркунучка айланганын айтышат. Мисалы, Түштүк Африка жана Бразилияда карыз наркы кооптуу деңгээлге чукулдап калды. Ал жакта мамлекеттик финансы ансыз да туруксуздугу менен айырмаланат.

"Бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляциядан да АКШдагыдан чочулаганы оң", — дешет S&P Global Ratings адистери. Бардар мамлекеттер пандемия маалында көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө караганда абдан төмөн пайыздык чен менен карыз алышкан. Маселен, Египет быйыл ИИӨнүн 38 пайызына барабар карызын кайра каржылоого тийиш. Насыяны тейлөө акысы — 12,1%. Гана үчүн пайыз андан да бийик, тагыраак, 15 пайызды түзөт. Ушундай эле көйгөй Бразилияда да бар, Борбордук банкы январдан бери баа басымын чабалдатуу үчүн үстөктөрдү көбөйткөн. Capital Economics адиси Уильям Жексондун айтымында, Бразилия — инфляция жана кирешелүүлүктүн өсүшү экономикалык туруктуулукка кооптуу экенине айкын мисал.

"Бул Борбордук банкты мамлекеттик каржыны кыскартып, карызды тейлөө чыгымдарын арттырган пайыздык чендердин жогорулатууга аргасыз кылды", — дейт аналитик. Мындай абалдан, маселен, Бразилия, Түштүк Африка жана Индия чет өлкөлүк насыякорлорго караганда ички кредиторлорго көбүрөөк үмүт артканы куткарат. Бул капиталдын сыртка агуу көлөмүн төмөндөтөт. Россия бул багытта туруктуу келет, федералдык заемдогу облигацияларда резидент эместердин үлүшү абдан аз. РФ Борбордук банкынын маалыматы боюнча, май айында он пайызды түзгөн (апрелде — 19,7). Федералдык заемдогу облигация ээлеринин арасында 80 пайыздан ашыгы — жергиликтүү инвесторлор, эң оболу банктар жана пенсиялык фонддор. Ал эми резидент эместер — жергиликтүү ири банктардын чет өлкөдөгү "бутактары". Бул санкциялык да, инфляциялык да тобокелдиктерден сактайт.

0
Белгилер:
суроо-талап, насыя, кун, акча, экономика, АКШ, инфляция
Тема боюнча
Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп