Көл жээгиндегы өспүрүм кыз. Архив

Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти

68
(жаңыланган 10:29 11.06.2021)
ӨКМ кызматкерлери баргыча жергиликтүү тургундар кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда көлгө чөккөн 10 жаштагы кызын куткарам деген 42 жаштагы киши кошо каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя Түп районунун Балбай айылында болгон.

Жергиликтүү тургундар куткаруучулар жеткенге чейин кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

68
Белгилер:
өлүм, сууга чөгүү, ӨКМ, Түп, Ысык-Көл
Тема боюнча
Балыкчыда казакстандык киши көлгө чөксө, Баткенде аял каналга түшүп кетти
Оштун Ноокат районунда эки жеңил автоунаа кагылышып, үч киши көз жумду

Ноокаттагы жол кырсык эки киши менен бир жаш баланын өмүрүн алды. Сүрөт, видео

443
(жаңыланган 16:53 13.06.2021)
Каза болгондордон тышкары эки киши катуу жабыркап, тез жардам унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Каргаша бүгүн болду.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Оштун Ноокат районунда эки жеңил автоунаа кагылышып, үч киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"Кырсыктын кесепетинен бир аял, бир эркек жана бир жаш бала көз жумду. Андан сырткары, эки эркек киши оор жаракат алып, Тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Каргаша болгон жерге тартылган куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

На месте ДТП с двумя легковыми авто на автодороге Ноокат — Ош
© Фото / пресс-служба МЧС
Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн
443
Белгилер:
өлүм, кагышуу, унаа, жол кырсык, ӨКМ, Ноокат, Ош
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Жүрөктү түшүрөт! Бишкек — Ош жолунда фура жеңил унааны коюп кете жаздаган видео
Өспүрүм бала. Архив

Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду

155
Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар өспүрүм көз жумуп, мындан улам өлкө акыйкатчысы аталган мекеменин жетекчисинин кызматтан четтетилишин талап кылып жатат. Бул тууралуу окуяны өз көзөмөлүнө алган Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. КР Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдоду", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан.

"Якуниндин трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалым каттар бар. Дагы бир маанилүү нерсе, 2020-жылы февралда КР Акыйкатчы аппаратынын балдарды коргоо бөлүмү балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө да мониторинг жүргүзгөн эле. Жыйынтыгында бир катар сунуштамалар берилген. Бирок алар өз убагында аткарылган эмес. Бул фактылар боюнча да күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден кошумчалашкандай, бул фактыны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, маселени Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова өз көзөмөлүнө алды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

155
Белгилер:
иликтөө, Акыйкатчы институту, өлүм, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
14-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот