30 батир, 10дой унаа... УКМК Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисин кармады

© Фото / пресс-служба ГКНБМамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси А.Н. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды
Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси А.Н. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары А.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси А.Н. мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 323-беренесиндеги ("Мыйзамсыз баюу") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
"А.Н. өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзитин" уюштуруп, чоң суммадагы көмүскө киреше алып турган. Ал тапкан акчасын мыйзамдаштыруу үчүн 4,5 миллион долларга 30 "элиталык" батир, 1 миллион долларга 10дон ашык унаа алган", — дешти УКМКдан.
Маалыматка караганда, көмүскө кирешенин көп бөлүгү К.С.И. жана Р.К. курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырылып, негизги акциялары А.Н. аттуу мамлекеттик кызматкерге таандык экени аныкталган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0