Кыздын силуэти. Архив

Сокулук: 17 жаштагы алтын-ордолук Айжанат дайынсыз болуп жатат. Сүрөт

109
(жаңыланган 22:12 11.06.2021)
Кыз Новопавловкадагы Алтын-Ордо калктуу конушундагы үйүнөн 19-майда чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Сокулук районунда 17 жаштагы Айжанат Өмүрбек кызы изделип жатканын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Без вести пропавшая 17-летняя Айжанат Омурбек кызы
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Сокулук районунда 17 жаштагы Айжанат Өмүрбек кызы изделип жатканын Чүй облустук милициясынан кабарлашты
"Кыз Новопавловкадагы Алтын-Ордо калктуу конушундагы үйүнөн 19-майда чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Эске салсак, буга чейин да үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери кайра кайтарышкан", — деп айтышты милициядан.

Белгилери: бою 150-155 сантиметров, чачы кара, кой көз, кара тору.

Милициядан жарандар эгерде Айжанат Өмүрбек кызы тууралуу маалымат билсе Чүй облустук ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнүн издөө тобуна (0312) 60-75-67, (0558) 86-14-86, (0701) 80-18-03 кабарлоону суранышты.

109
Белгилер:
"Алтын-Ордо" конушу, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте 13 жаштагы Аяна бир айдан бери дайынсыз болуп жатат. Сүрөт
Кочкордон Бишкекке кетип калган. Милиция 11 жаштагы Айтурганды издөөдө
Чек арачы. Архив

Сөөк ашуусундагы жол кырсыкта бир чек арачы каза болду

103
(жаңыланган 12:28 24.06.2021)
Окуя кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон. Айдоочу Сөөк ашуусунда бара жатканда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Кырсык кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон.

"Коюлган тапшырманы аткаруу үчүн үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу Сөөк ашуусунда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Кесепетинде айдоочу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер ар кандай жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, окуя кандай жагдайда болгону такталып жатат.

103
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Аскер, чек ара, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө көз жумган өспүрүм. Эки экспертиза дайындалды

40
(жаңыланган 11:31 24.06.2021)
Чүй милициясы жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилерин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар Игорь Якуниндин каза болушу боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык тергөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, натыйжада окуяга юридикалык баа берилмекчи.

Ишти ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алганы белгиленди. Бул факт боюнча материалдар Чүй милициясынын тергөө кызматында, сотко чейинки процесстер уланууда.

Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.

Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

40
Белгилер:
Военно-Антоновка, Чүй облусу, экспертиза, милиция, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
15 жаштагы бала айдап... Ноокаттагы 6 киши көз жумган кырсыктын чоо-жайы
Өсүмдүк майы. Архив

Россия 365 тонна суу майды Кыргызстанга гумжардам катары берди

0
(жаңыланган 15:54 24.06.2021)
Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек менен Ошко Россия гумжардам катары берген 365 тонна суу май жеткирилди. Азыктын бул түрү 27 миң аз камсыз үй-бүлөгө берилет.

Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк соода программасынын алкагында байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, жазында витаминдүү ун жеткирилсе, эми суу май берилди. Гумжардамды тапшыруу иш-чарасына РФнын Кыргызстандагы элчилиги менен БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын өкүлдөрү жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери катышты.

"365 тонна суу майдын 60 тоннасы Бишкектеги кампага киргизилсе, калганы Ошко жөнөтүлдү", — деди Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тышкы саясат тобунун жетекчиси Артем Романов.

 Бишкекке Казакстан гумжардам катары жөнөткөн 4500 тонна ун жеткирилди
© Фото / пресс-служба посольства РК в Кыргызстане
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Соцкамсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков өкмөттүн атынан Россияга ыраазычылык билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын маалыматына караганда, аз камсыз үй-бүлөлөр ар кандай долбоорлорго катышуу менен (каналдарды оңдоо жана калыбына келтирүү, бак тигүү ж.б.) ун жана суу май ала алышат.

Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн. Жардам мектеп окуучуларына, фермерлер, айылдык аялдар жана аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген.

0
Белгилер:
Ош, Бишкек, май, суу, ун, программа, БУУ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди