Ноокен районунун Бүргөндү айылында май ташуучу автоунаа оодарылып кетип, 15 тонна солярка жолго төгүлдү

Ноокенде бензовоз оодарылып, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Сүрөттөр

121
Жерине коопсуздукту сактоо максатында өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Бактыга жараша, өрт чыккан эмес. Окуядан жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ноокен районунун Бүргөндү айылында май ташуучу автоунаа оодарылып кетип, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

На месте ДТП с бензовозом в Ноокенском районе
© Фото / пресс-служба МЧС
Ноокен районунун Бүргөндү айылында май ташуучу автоунаа оодарылып кетип, 15 тонна солярка жолго төгүлдү
"Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 497-чакырымында, тагыраагы, Бүргөндү айылында 35 тонна күйүүчү май ташып келе жаткан бензовоздун айдоочусу рулга ээ боло албай, автоунаа оодарылып кеткен. Анын ичинен 15 тоннасы жолго төгүлгөн. Калган күйүүчү майды ээси башка унаага куюп алып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Жерине коопсуздукту сактоо максатында өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Бактыга жараша, өрт чыккан эмес. Окуядан жабыркагандар да болгон жок.

121
Белгилер:
Жалал-Абад, Ноокен, ӨКМ, жол кырсык, бензовоз
Тема боюнча
КамАЗ аласалып кетти. Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу
Көлдөгү жол кырсыктан 33 жаштагы келин эки кызы менен көз жумду
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды

ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео

436
(жаңыланган 12:12 03.08.2021)
Жетекчинин иш бөлмөсүнөн 3500 доллар, 59 000 сом табылган. Ал эми үйүнөн абакта отургандар тарабынан жасалган кылыч, бычактар чыккан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып келгени айтылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Таалайбек Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

436
Белгилер:
ЖАМК, коррупция, кармоо, тинтүү, Таалайбек Нуралиев
Тема боюнча
УКМК мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевди кармады
Жолдогу автоунаа. Архив

Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

75
(жаңыланган 11:50 03.08.2021)
Жол милициясы кырсыктын көпчүлүк учуру адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргызстандын жолдорунда тынбай катталып жаткан автокырсыктардын себебин атады.

Жол милициясы көпчүлүк учурда кырсык адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

"Жыл сайын өлкөдө жол кырсыктарынан жүздөгөн адам каза табат. Статистикага ылайык, кырсыктардын 80 пайызы айдоочунун күнөөсүнөн улам болот", — деп жазылат маалыматта.

ЖКККББнын версиясы боюнча, көбүнчө төмөнкүдөй себептерден улам жол кырсыгына кириптер болушат:

  • Мас абалында же баңгизат чегип алып рулга отуруу;
  • Катуу ылдамдык менен жүрүү;
  • Окубаган айдоочулар — автомектепте окубай эле ар кандай жол менен айдоочулук күбөлүк алган жарандар;
  • Айдоочунун чарчап рулга отурушу;
  • Аралыктын сакталбашы;
  • Алдындагы автоунаадан ашып өтүү эрежесин бузуу;
  • Каршы тилкеге чыгып кетүү;
  • Айдоочунун шалаакылыгы.

Соңку убакта Кыргызстанда бир нече адамдын өмүрү бир учурда кыйылган жол кырсыктары көп катталууда. Президент Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген.

75
Белгилер:
жол кырсык, себеп, аныктоо, айдоочу, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Боомдогу үрөй учурган жол кырсык. Милиция канча киши жабыркаганын айтты
Бишкекте Кайгуул милициясына тутулган айдоочулар 1,5 млн. сомдук айыпка жыгылды
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив

Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

0
(жаңыланган 14:21 03.08.2021)
Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис Ахметов Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы балбандардын финалдык беттешине башкы калыстык кылды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейледи. Анда кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен япониялык Кинечиро Фумита беттешкен. Кубалык балбан упай айырмасында утуп, олимпиада чемпиону болду. Мындан сырткары, 77 килограмм салмакта өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

Жогоруда белгилегендей, Ахметов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Бирок спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр болуп жүрсө, өзүнүн тарбиялануучусу беттешке чыкканда жанына барууга, кеп-кеңешин айтып багыт берип турууга тыюу салынган. Андан улам, устаты алтын медаль үчүн күчүн үрөп жаткан шакиртине барып, багыт бере албайт. 

0
Белгилер:
Мейрамбек Ахметов, Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү, калыс
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем