Кылмыш болгон жер. Иллюстративдүү сүрөт

Ат-Башы: келинин муунтуп өлтүргөн кайнага андан соң жанын кыйган

755
(жаңыланган 17:37 17.06.2021)
Агасы өлгөн жерге иниси чакыртылган. Ал бир күндөн бери аялын таппай жатканын айтып арыз жазган. Жубайынын сөөгү 500 метр ары жактан табылган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда 50 жаштагы киши 38 жаштагы келинин муунтуп өлтүрүп, андан кийин асынып алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга билдирүү 16-июнь күнү саат 06:30дар чамасында түшкөн. Анда жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде Женя аттуу адам асынып калганын кабарлаган.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 51 жаштагы Е. К. аттуу эркек кишинин сөөгүн тапкан. Кароо жүргүзгөн учурда маркумдун мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички бети курч нерсе менен кесилгени аныкталган", — деп билдирди облустук милиция.

Ал жакка маркумдун 49 жаштагы бир тууган иниси А.К. чакыртылган. Ал 15-июнь күнү түштөн бери 38 жаштагы аялы К.Н. дайынсыз жок болуп жаткандыгын айтып, арыз берген.

"Окуя болгон жерден 500 метр аралыктан аял кишинин сөөгү табылып, өлгөн кишинин инисинин аялы экени такталган. Кароо учурунда денесинен күч колдонулган белгилер аныкталган. Алдын ала болжолдуу иликтөөлөргө ылайык, келинди кайнагасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынган. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

755
Белгилер:
Нарын, ОИИБ, Ат-Башы, милиция, келин, өлүм
Тема боюнча
Таарынычтан улам адам өлтүргөн. Түптө эки шектүү кармалды
Ооруканадагы бейтап. Архив

Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

10
(жаңыланган 14:45 01.08.2021)
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

10
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, дарт, өлүм, статистика
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар
Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды
Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен

Кеминде автоунаа жолдон чыгып кетип, 20 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

67
Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда автоунаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 жаштагы улан каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгынан Э.И. аттуу 20 жаштагы жигит көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Кемин районундагы төрт куткаруучусу тартылган. Алар каза болгон баланын сөөгүн автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

67
Белгилер:
Чүй облусу, Кемин району, жол кырсык, жигит, өлүм, ӨКМ
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу