Бала футбол ойноп жатат. Архив

Жалал-Абадда 13 жаштагы өспүрүм бала жоголду. Сүрөт

91
(жаңыланган 15:58 18.06.2021)
Өспүрүм Сузак районундагы чоң энесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал үч күндөн бери изделип жатат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда 13 жаштагы Жоробек Акимжанов дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм бала 14-июнь күнү саат 13:00дөр чамасында Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына барган. Ал ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, чачы кыска, кара. Үстүндө боз түстөгү футболка, башында кызыл түстөгү кепка, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.

Акимжановду көргөн-билгендер болсо (03722) 102, 0555 10 23 05, 0771 93 60 70 номерлерине кабарлай алышат.

91
Белгилер:
Жалал-Абад, өспүрүм, милиция, Жоробек Акимжанов
Тема боюнча
Сокулук: 17 жаштагы алтын-ордолук Айжанат дайынсыз болуп жатат. Сүрөт
ИИМ Бишкекте сууга аккан 10 жашар кызды куткаргандарды сыйлады. Сүрөт
Өрттөнгөн унаа. Архивдик сүрөт

ӨКМ: Бишкекте түн ортосунда эки автоунаа өрттөндү. Видео

64
(жаңыланган 10:49 01.12.2021)
Саат 3.20да чыккан өрт 20 мүнөттөн кийин чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте өткөн түнү катар турган эки автоунаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Министрликтин Facebook тармагындагы баракчасына окуя болгон жерден тартылган видео жүктөлдү.

"1-декабрга караган түнү саат 03:20лар чамасында Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде токтоп турган Mercedes-Benz жана Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалардан өрт чыкты. Биринчи машина толугу менен өрттөнсө, экинчисинин бампери күйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, 4:08де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.

64
Белгилер:
Бишкек, автоунаа, ӨКМ, өрт, видео
Тема боюнча
Мэрия: Бишкекте өрт кырсыгы жана андан каза болгондордун саны өсүүдө
Чычканда өрттөнгөн бензовоздун ичинен кишинин сөөгү табылды. Кырсыктын сүрөтү
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

187
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

187
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Зал заседаний Жогорку Кенеша. Архивное фото

Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат

0
(жаңыланган 12:11 01.12.2021)
Жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева БШКны чакыруу маселесинин юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы жана бардык мүчөлөрүн чакырып, маалымат угууну сунуштады.

Эл өкүлү Наталия Никитенко добуштарды саноодо манипуляциялоо болгонун айтууда.

Ал эми Шайлообек Атазов Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунда одоно мыйзам бузуулар болуп, добуш сатып алуу, административдик ресурс кыянаттык менен колдонулганын белгиледи.

Айнура Осмонова БШК менен кошо укук коргоо органдарын да чакырып, шайлоо боюнча отчёт беришин талап кылды.

Мындай демилгени парламентарийлер Айбек Осмонов, Аманкул Токтомамбетов жана Акыл Кемелов да колдоду.

Ошол эле учурда Тазабек Икрамов айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо таза өткөнүн айтты.

Андан соң жыйынга төрагалык кылып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева аталган сунуштун юридикалык жагын тактап көрөрүн билдирди. Ал мындай жагдай шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялана электе басым катары кабылданбашы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн кезектеги жыйынын өткөрүүдө.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, БШК, чакыруу, маалымат
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо