Кубакы ашуусунда MAN автоунаасы жардан кулап, эки киши көз жумду

© Фото / пресс-служба МЧС КРКубакы ашуусунда болгон жол кырсык
Кубакы ашуусунда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Кырсык Кочкор районунда болгон. ӨКМден ушу тапта көз жумгандардын аты-жөнү такталып жатканын айтышты.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кечээ оор жүк ташуучу MAN автоунаасы жардан кулап, анын кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Нарын — Торугарт жолунда кечээ оор жүк ташуучу MAN автоунаасы жардан кулап, анын кесепетинен эки киши каза болду
Фура сорвалась с обрыва на перевале Кувакы в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кечээ оор жүк ташуучу MAN автоунаасы жардан кулап, анын кесепетинен эки киши каза болду
"Кочкор районунда трассанын 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) оор жүк ташуучу MAN автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барган. Алар каза болгондордун сөөгүн автокөлүктөн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0