Ошто киши өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы балдар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМушташ. Иллюстративдүү сүрөт
Мушташ. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, маркум УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери болгон.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош шаарында 24 жаштагы бала мушташтын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 20-июнь күнү, саат 06:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси аркылуу 20-25 жаштар чамасындагы кишинин сөөгү жеткирилгендигин кабарлаган.
Факт Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын жүрүшүндө каза болгон киши 1997-жылы туулган А.А. аттуу жаран экени аныкталды.
Кылмыш болгон жер. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Ат-Башы: келинин муунтуп өлтүргөн кайнага андан соң жанын кыйган
Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, кийимдериндеги тактарды аныктоо үчүн соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Өлүктү текшере келгенде жаракаты бар экени аныкталган.
Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1999-жылы туулган Э.Ы., Г.Э. жана А.Э. аттуу тургундары кармалды.
Э.Ы. өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө  эч бир себепсиз сөздөн-сөз чыгып А.А. менен уруша кеткенин айткан. Ошондой эле аны бетке бир урганда өзүн жоготуп жатып калганын, жасалма дем алдырып, бетине суу чачып, жардам көрсөтүп акырында такси аркылуу ооруканага жибергенин кошумчалаган.
Кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө улантылып жатат.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, маркум УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0