Чүйдүн Искра айылында тургундар суу талашып мушташып, бир киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМушташ. Иллюстративдүү сүрөт
Мушташ. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Алгач эки киши айтыша кетип, андан кийин бири-бирине кол көтөргөн. Бир адам жабыркап ооруканага түшүп, аны сабады делген шектүү кармалды.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Чүйдүн Искра айылында тургундар арасында мушташ чыгып, мындан улам бир киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 23-июнда болгон. Нөөмөт бөлүмүнө чакыруу түшкөндөн кийин милиционерлер барып, аталган фактынын негизинде Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголгон.
Милициянын маалыматына ылайык, Сайлык айылынын 50 жаштагы жашоочусу А. С. өзүнүн айылы менен Искранын ортосунда сугат сууну бөлүштүрүлүшүнө нааразы болуп, коомдук тартипти бузган.
"Кайым айтышуу мушташка айланып, кармалган адам 34 жаштагы кишини сабап салып, ал аймактык ооруканага кайрылган", — деп билдирди милиция.
Факт боюнча экспертиза дайындалды. Сабап салууга шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0