Чүйдө кыз ала качкандарга козголгон иш токтотулду. Себеби

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дело" папкасы. Архив
Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 26 жаштагы К.И. аман-эсен табылды. Ал эми аны ала качты делген 24 жаштагы М.А. күч органдарына өзү келген.
БИШКЕК, 25-июн. – Sputnik. Чүйдө кыз ала качуу фактысы боюнча козголгон иш токтотулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 6-майында түнкү саат 02:00дө Аламүдүн райондук милициясына 20 жаштагы К.Ф. кайрылып, анын К.И. аттуу эжесин белгисиз адамдар 5-майда ала качып кеткенин кабарлаган. Факты Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 26 жаштагы К.И. аман-эсен табылды. Ал эми аны ала качты делген 24 жаштагы М.А. күч органдарына өзү келген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жабырлануучу кыз суракка алынган. Ал бул жигит менен 2,5 жылдан бери сүйлөшүп жүрүп баш кошууга камынганда ата-энелери чырдаша кетип, үлпөт той токтоп калганын билдирди. Мындан улам ал бала менен өзү кетип калганын айтты", — дешти милициядан.
Факты боюнча тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кыз эч кандай жаракат албаганы аныкталган. Топтолгон бардык материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши кылмыштын белгилери жок болгондугуна байланыштуу токтотулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0