Араванда таякесин бычактап өлтүрүүгө шектелген 16 жаштагы улан эки айга камалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи нападения с ножом
Случаи нападения с ножом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2021
Жазылуу
Шектүүнүн берген көрсөтмөсү боюнча, анын акча уурдап жатканын 12 жаштагы таякеси көрүп калган. Мындан улам кылмышты жашыруу максатында аны өлтүргөнүн айткан.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелген 16 жаштагы жээни эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралган. Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагына которулду.
Милиция кызматкери кишен менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Кеминде 16 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелип кошунасы кармалды
Эске салсак, өткөн ишемби күнү Араван райондук ооруканасына 55 жаштагы таякеси "асылып алды" деп О. А. аттуу 12 жаштагы өспүрүмдү алып келип, бирок дарыгерлер анын каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлаган. Экспертиза жүргүзүлүп, баланын киши колдуу болгону такталып, милиция кылмышты ким жасагандыгын издеп баштаган.
Милиция өспүрүмдү өлтүргөн деген шек менен 16 жаштагы Ю.А. аттуу улан кармалганын, ал маркумдун жээни экендигин билдирген. Жазык ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча жоголгондугу аныкталган. Шектүү ал акчаны Араван районунун С. Юсупова айыл аймагынан Ак-Сарай айылындагы бактын ичине катканы айтылды.
Милиция шектүүнү суракка алган учурда ал 25-июнь күнү Араван районунун С. Юсупова айыл аймагындагы Ибраимов көчөсүндөгү үйдөн тууганынын акчасын уурдап жатканда таякеси (маркум өспүрүм — ред.) көрүп калгандыктан кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен мойнуна алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0