УКМК жетекчилигинин "жакындары" Бишкек тургунун 65 миң долларга алдап кетти

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСИЗО №3 "Кольчугино" во Владимирской области
СИЗО №3 Кольчугино во Владимирской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Өздөрүн УКМК жетекчилигинин жакындарыбыз деп тааныштырган эки киши Бишкек тургунуна жакын адамыңдын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам беребиз деп убадалашкан.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Шылуундар Бишкектин тургунун жакыныңды УКМКнын тергөө абагынан чыгарууга жардам беребиз деп 65 миң долларга алдап кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Депутат Жогорку Кенеша Алиярбек Абжалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жээнбековдун кудасы Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 млн. сом которду
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестине шылуундук катары каттоого алынып, кылмышка шектүү катары 24 жана 23 жаштагы эки жаран кармалды. Экөө тең соттун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0