УКМК: Кочкордун тургуну "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмунан чыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Алдын алуу иштеринин натыйжасында Б.у.Ш. аттуу жарандын тыюу салынган уюмга тиешеси бар экендиги аныкталган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда бир жаран жаңылыштыгын мойнуна алып, "Йакын-Инкар" диний уюмунан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, диний экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кочкордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Анда Б.у.Ш. аттуу жарандын өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар экендиги аныкталган.
"30-июнда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.у.Ш. жаңылыштыгын мойнуна алып, бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Ошондой эле райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдар боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0