Кадамжайда жеңил унаа каналга түшүп кетип, 44 жаштагы аял көз жумду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүРабота Люберецких очистных сооружений
Работа Люберецких очистных сооружений - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Каза тапкан аялдын сөөгүн куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кадамжайда жеңил унаа каналга түшүп кетип, 44 жаштагы аял көз жумганын ӨКМ билдирди.
Окуя кечээ саат 18:30дар чамасында болгон. Анда Халмион айыл аймагынын Гүлдүрөмө айылындагы Нургазиев атындагы каналга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен каза тапкан аялдын сөөгүн куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0