Кайтканда жыгылган. Чоң-Алайдагы Ленин чокусунда польшалык альпинист көз жумду

© AFP / MARCO BERTORELLOАльпинизм в Италии
Альпинизм в Италии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык эки альпинист келгени айтылган. Кырсыктаган адам 50 жашта болгон.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда польшалык альпинист кечээ, 7-июлда, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"7-июль күнү болжол менен саат 7:15тер чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган Б.П. аттуу жараны жүрөгү кармап каза болду", — деп билдиришти милициядан.
Тарт, кеттик! Эльбруста муздун жаракасына түшүп кеткен кишини куткарган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Тарт, кеттик! Эльбруста муздун жаракасына түшүп кеткен кишини куткарган видео
Маалыматта 2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык 2 альпинист келгени айтылган.
"Эки күндөн соң 4400 метр бийиктикке, дагы эки күндөн соң 4800, ал эми 7-июлда 5100 метр бийикке чыккан. Кайра түшүп келе жаткан учурда саптын алдындагы П. Б. эс-учун жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу кылганы менен өзүнө келе албай каза болгон", — деп кабарланды.
Милициядан бул окуядан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0