Жол кырсыкка түшкөн маршрутка. Иллюстративдик сүрөт

Бишкек: маршрутканын оодарылып калган видеосу

216
(жаңыланган 19:09 08.07.2021)
Маалыматтарга караганда, жол кырсык Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн болжол менен 17:30дарда болгон.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде маршрутка оодарылып кетип, жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу "Короче" телеграм тайпасына жарыяланды.

Кадрдан жолдун боюнда капталынан жаткан кичи автобусту көрүүгө болот. Кишилер салондун ичиндегилерди чыгарууга аракеттенип, бир катарлары ары жактан чуркап келе жатат.

Маалыматтарга караганда, жол кырсык Чолпон-Ата жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 17:30дарда болгон. Бишкек шаардык кайгуул милициясы окуяны тастыктап, калган маалыматтар такталып жаткандыгын айтышты. Учурда ал жерде милиция иштеп жаткандыгын кошумчалашты.

216
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, жол кырсык, маршрутка
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (122)
Тема боюнча
Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду
Алайда автоунаа аласалып, 57 жаштагы аял каза болду. Небереси ооруканада
Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив

УКМК Бишкектеги 15 вебкам-студияны басып кирди. Тинтүү учурундагы видео

226
(жаңыланган 13:30 05.08.2021)
Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. УКМК Бишкек шаарында уюштурулган 15тен ашуун вебкам-студиянын ишин токтотту. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мындай иштерди Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары уюштуруп, интернет айдыңында онлайн интимдик кызмат көрсөтүү шарты менен жаш кыздарга жогорку маяна сунуштап келишкен.

"Ошол эле учурда бир эле вебкам-студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга жетип турган. Кызмат көрсөткөн кыздарга болгону анын 5-10 пайызын гана беришкен. 3-августта ыкчам-тергөө иштеринин алкагында бир жумалык акыны бөлүштүрүп жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылган. Бул акча персоналга төлөөгө жана онлайн түрүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууга жумшалмак.

Тергөө учурунда уюштуруучулар тапкан кирешесин кыймылсыз мүлк объектилери жана башка материалдык баалуулуктар менен адалдап жүргөнү аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында негизги уюштуруучу П.И. кылмыштуу кирешени адалдоого шектүү катары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

"Соңку жылдары вебкам индустриясы жаш муунду көп акча төлөө менен азгырууда. Акыр-аягы жаш кыздар кылмыштуу ишти уюштуруучулардын торуна түшүп, чыга албай калып жатат. Аларды интимдик видеолорун социалдык тармактарга таратам деп шантаж кылып кармап турат", — деп билдирди УКМК.

Атайын кызмат купуялуулукка жана коопсуздукка кепилдик берүү менен мындай кырдаалга тушуккан жарандарды УКМКнын нөөмөт кызматына чалууну суранат. Телефон номери: 0312 66-04-75.

226
Белгилер:
УКМК, вебкам, кармоо, тинтүү, кылмыш
Тема боюнча
УКМК: бир тонна катализаторду чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды
Бала сууда сүзүп жатат. Архив

Сокулукта 13 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

28
(жаңыланган 11:33 05.08.2021)
Беш куткаруучу кырсык болгон жерге барып, түнгө жакын баланын сөөгүн таап туугандарына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Сокулук районундагы Күн-Туу айылындагы суу сактагычка өспүрүм чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя кечээ, 4-августта, кечке жуук болгон.

13 жаштагы өспүрүмдүн сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат түшөрү менен беш куткаруучу кырсык болгон жерге барган. Алар түнгө жакын баланын сөөгүн таап, ошол жердеги туугандарына өткөрүп беришкен.

ӨКМ жай башталгандан тарта ата-энелерге, жалпы жарандарга сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин бекем сактоону эскертип келет.

28
Белгилер:
Кыргызстан, Сокулук району, суу, өспүрүм
Тема боюнча
Жүрөктүн үшүн алган сел жээктеги курулуштарды агызып кетти. Кара-Суудагы видео
Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн июлдагы баасы

0
2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлер арзандады. Бир бөлмөлүү “хрущевкалардын” орточо баасы башкаларга салыштырмалуу жогорулады.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы июль

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 467 жарыяга анализ жасалды.

2021-жылдын июль айында борбор калаада батирлердин баасы бир аз төмөндөдү. Мисалы, үч бөлмөлүү “хрущевкалар” орто эсеп менен 2 000 долларга арзандады. Баарынан да бир бөлмөлүү “хрущевкалар” кымбаттады. 

Ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы сезилерлик төмөндөдү. 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин ээлери болсо 2 300 долларга азыраак сурап жатышты. Ичи бүтө элек үч бөлмөлүү батирлер орто эсеп менен алганда 2000 долларга арзандады. 

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, июлда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 30 000 доллар (24 500дөн 36 500гө чейин);
  • 105-серия — 28 800 (22 500дөн 39 500гө чейин);
  • 106-серия — 31 900 (25 000ден 38 000ге чейин);
  • "хрущевка" — 26 700 (23 700дөн 29 500гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 28 800 (15 000ден 50 000 гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 29 600 (18 800дөн 51 300гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 600 доллар (30 500дөн 45 000ге чейин);
  • 105-серия — 40 500 (29 900дөн 53 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 400 (29 500дөн 58 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 32 400 (23 500дөн 47 000ге чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 38 400 (17 000ден 71 500гө чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 45 300 (20 800дөн 79 100гө чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (28 800дөн 66 500гө чейин);
  • 105-серия — 50 600 (36 800дөн 76 000ге чейин);
  • 106-серия — 54 200 (30 000ден 75 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 38 300 (31 500дөн 55 000гө чейин);
  • Жеке типтеги батирлер — 54 200 (20 000ден 112 000ге чейин);
  • Ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 74 700 (36 800дөн 127 000ге чейин).
0
Белгилер:
Бишкек, батир, баа
Тема боюнча
Батир сатып алганы жатасызбы? Бишкектеги үйлөрдүн июндагы баасы