Тажикстан менен чек арасындагы Лейлек районунун айылында чек арачы . Архив

УКМК: тажик тараптын кол салуусунан бир кыргызстандык аскер каза болду

798
(жаңыланган 09:36 09.07.2021)
Окко учкан жаран 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев болгон. Ошондой эле тажик тарапта дагы жоготуу болгону айтылат.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Баткенде тажик чек арачыларынын кол салуусунан Кыргызстандын Чек ара кызматынын бир аскери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Набыт болгон жаран 27 жаштагы сержант Хуснидин Хожиев экени айтылат.

"Тажик чек арачыларынын Кыргызстандын чек ара нарядына куралдуу кол салуусунан бир аскер кызматкери каза болду. Анын өлүмүнүн чоо-жайы такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, тажик тарапта дагы каза болгондор менен жаракат алгандар бар", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде учурда УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн башчылары жүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү аталган фактыны териштирүү иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болгон.

798
Белгилер:
Баткен облусу, атышуу, өлүм, чек ара, Тажикстан
Тема боюнча
Баткендин башчысы Алимбаев: "Айылды таштабайбыз" деген аялдарды көргөндө шердендим

Алтайда 25 жаштагы кыргызстандык жигит дарыяга чөгүп каза болду

0
Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте жаранды издеп таба албай коюшкан. 10 күндөн кийин сөөгүн туристтер көрүп калган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алтайда инструктор болуп иштеп жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит Катунь дарыясында сүзүп жүрүп чөгүп кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулдугу билдирди.

Окуя 20-июлда Тельдекпень-2 аймагында болгон. Кыргыз диаспорасы полиция жана куткаруучулар менен биргеликте издеп таба албай коюшкан.

"30-июлда туристтердин бири Катунь дарыясынын Еланда аймагынан кыргызстандык М.С. аттуу жарандын сөөгүн көрүп полицияга кабарлаган. Кыргыз диаспорасынын көмөгү менен маркумдун сөөгү Кыргызстанга 4-августта жиберилди. Жол чыгымдары үчүн Башкы консулдук тарабынан 70 миң рубль өлчөмүндө мамлекеттик компенсация төлөндү", — деп жазылат маалыматта.

Башкы консулдук окуянын иликтенишин көзөмөлүнө алганы белгиленди. Аны менен катар Россиянын ТИМинин Барнаулдагы өкүлчүлүгүнө, тергөө жана көзөмөл органдарынын жетекчилигине тергөө ишин көзөмөлгө алууну сурап кайрылуу жиберген.

0
Белгилер:
Алтай крайы, Кыргызстан, өлүм, дарыя, сөөк, жеткирүү
Ноутбук колдонуп жаткан кыз. Архив

УКМК Бишкектеги 15 вебкам-студияны басып кирди. Тинтүү учурундагы видео

243
(жаңыланган 13:30 05.08.2021)
Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. УКМК Бишкек шаарында уюштурулган 15тен ашуун вебкам-студиянын ишин токтотту. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мындай иштерди Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары уюштуруп, интернет айдыңында онлайн интимдик кызмат көрсөтүү шарты менен жаш кыздарга жогорку маяна сунуштап келишкен.

"Ошол эле учурда бир эле вебкам-студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга жетип турган. Кызмат көрсөткөн кыздарга болгону анын 5-10 пайызын гана беришкен. 3-августта ыкчам-тергөө иштеринин алкагында бир жумалык акыны бөлүштүрүп жатканда кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын турак жайын жана батирди ижарага алып студия катары иштетип жаткан жерин тинткенде 27 миң доллар табылган. Бул акча персоналга төлөөгө жана онлайн түрүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн компьютердик жабдууларды сатып алууга жумшалмак.

Тергөө учурунда уюштуруучулар тапкан кирешесин кыймылсыз мүлк объектилери жана башка материалдык баалуулуктар менен адалдап жүргөнү аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында негизги уюштуруучу П.И. кылмыштуу кирешени адалдоого шектүү катары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

"Соңку жылдары вебкам индустриясы жаш муунду көп акча төлөө менен азгырууда. Акыр-аягы жаш кыздар кылмыштуу ишти уюштуруучулардын торуна түшүп, чыга албай калып жатат. Аларды интимдик видеолорун социалдык тармактарга таратам деп шантаж кылып кармап турат", — деп билдирди УКМК.

Атайын кызмат купуялуулукка жана коопсуздукка кепилдик берүү менен мындай кырдаалга тушуккан жарандарды УКМКнын нөөмөт кызматына чалууну суранат. Телефон номери: 0312 66-04-75.

243
Белгилер:
УКМК, вебкам, кармоо, тинтүү, кылмыш
Тема боюнча
УКМК: бир тонна катализаторду чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды