Кыргызстандык чек арачы Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстандан алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенный шеврон пограничника Кыргызской Республики
Военный шеврон пограничника Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Аскер кызматкери кечээ кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон. Сөөк "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинди.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан каза болгон кыргызстандык сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Жоокердин табыты саат 22.30да Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Кыргызстан тажик тараптан кармап кеткен чек арачыны кайтарып берүүнү талап кылды
Ал эми тажик аскерлери кармаган кыргызстандык дагы бир жоокерди кайтаруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат.
Ошондой эле 19:18дер чамасында Чашмагилдан ашуусунда кыргыз тарапка үч кызматтык ат жабдыктары менен өткөрүп берилген.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-июлда, саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0