Чүйдөгү жол кырсык. 18 жаштагы жигит ооруканада көз жумду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСтроительство Центральной кольцевой автодороги
Строительство Центральной кольцевой автодороги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Жол кырсыктан кийин жабыркагандарды ооруканага Тез жардам кызматы жеткирген. Бирок алардын ичинен бирөө эки саатка жетпей каза тапкан.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунун Садовая айылындагы жол кырсыктан 18 жаштагы жигит ооруканадан үзүлдү. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Москва аймактык ооруканасынын жетекчиси Болот Шеримбаев тастыктады.
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эч нерсеси калбаптыр. Бишкекте унаа бакты сүзүп, бир аял жабыркады
Эске салсак, буга чейин ӨКМ 10-июль күнү аталган айылда жол оңдогон техника менен Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, кырсыктан сегиз киши жабыркаганын билдирген. Аларды Тез жардам кызматы алып кеткени маалым болгон.
Дарыгер Шеримбаевдин айтымында, жабыркаган сегиз кишинин ичинен 18 жаштагы жигит ооруканага жеткирилгенден кийин эки саатка жетпей үзүлгөн. Калган жетөө учурда ооруканада, анын ичинен бир жүргүнчү жандандыруу бөлүмүндө экени кайтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0