Ош облусунда жер титиреди

© AP Photo / STRСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Маалыматта жер саат 22:05те силкинип, анын очогу бир чакырым тереңдикте жайгашканы айтылды. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ош облусунун бир катар калктуу жайларынын жашоочулары мындан бир нече мүнөт мурда жер титирөөнү сезди. Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматында анын магнитудасы 4,6га жеткени айтылды.
Жарака кетип, талкаланган үйлөр. Тажикстандагы жер титирөөдөн кийинки видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жарака кетип, талкаланган үйлөр. Тажикстандагы жер титирөөдөн кийинки видео
Аталган сайтта анын эпиборбору Ош шаарынын түндүк-чыгышын карай 23 чакырым аралыктагы жерде экендиги кабарланды.
Азырынча Кыргызстандын тиешелүү органдары жердин силкинүүсү боюнча билдире элек. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок.
"Саат 22:05те Ош шаарында жер катуу титиреп, бирок силкинүү кыска жана кескин түрдө токтоду. Көпчүлүк жашоочулар байкабай калганын айтып жатышат. Катуу үн деле чыккан жок. Бирок стол, асма шам жана башка үй ичиндеги эмеректер  кыймылдады", — деп билдирди Sputnik Кыргызстандын Ош облусу боюнча кабарчысы.
Эске салсак, 10-июлда Тажикстандын түндүгүндө очогунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталып, беш киши көз жумган. Андан сырткары, үйлөр талкаланып, материалдык бир топ зыян келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0