Кишенчен адам. Архив

Түркиялыктарга КР жарандыгын мыйзамсыз берген деп шектелген жетекчи кармалды

990
(жаңыланган 10:12 11.07.2021)
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түркиялыктарга мыйзамсыз кыргыз жарандыгын берип жүргөн деген айып менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси С.Д. кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызматкерлер аныкталып жатат.

990
Белгилер:
Бишкек, Мамлекеттик каттоо кызматы, мыйзам, жарандык, Түркия, милиция
Тема боюнча
Ат-Башы акимчилигинен акча талап кылып опузалаган. Алдамчы "чекисттин" сүрөтү

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

234
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

234
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео

Апта ирмеми: суу менен өрт каптаган өлкөлөр, сулуулук сынагында суйкайган кыздар

137
(жаңыланган 18:34 02.08.2021)
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
  • Балык уулаган киши. Индия
  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Өткөн аптада Антальянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди. Сегиз адам каза болуп, 864 киши жабыркады.

Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады.

Кытайдын Синьсян аймагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргыз алтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду.

 

137
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
    © AFP 2021 / ILYAS AKENGIN

    Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.

  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
    © REUTERS / EDGARD GARRIDO

    Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады

  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
    © AFP 2021 / ANDREW CABALLERO-REYNOLDS

    АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу

  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
    © AFP 2021 / ISHARA S. KODIKARA

    Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)

  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
    © REUTERS / POOL

    Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында

  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
    © AP Photo / Shafkat Anowar

    Чикагодогу Lollapalooza фестивалында

  • Балык уулаган киши. Индия
    © AP Photo / Dar Yasin

    Балык уулаган киши. Индия

  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
    © AP Photo / Dake Kang

    Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду

  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары

  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргызалтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду

  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
    © AP Photo / Mahesh Kumar A

    Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр

  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
    © AP Photo / Esther Cuneo

    Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш

  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы

  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
    © AP Photo / Noah Berger

    Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү

  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды

  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
    © AP Photo / Mycchel Legnaghi

    Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду

Белгилер:
Кыргызстан, дүйнө, олимпиада, кырсык, спорт, сүрөт
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

0
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

0
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!