Сел. Архив

Аксыда нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 7 адам көз жумду

551
(жаңыланган 11:46 13.07.2021)
Катуу нөшөрлөгөн жамгырдан  соң Аксынын эки айыл аймагында сел жүргөн. Сууга аккан жети кишинин ичинен бешөөнүн сөөгү табылганы айтылды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 12-июлда кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу нөшөрдүн кесепетинен сел жүрүп, суу жети кишини агызып кетти. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине  Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов тастыктады.

Анын айтымында, сел агызып кеткен жети адамдын ичинен бешөөнүн сөөгү саат 22:00дө табылган. Ал эми дагы эки адамдыкы изделип жатат.

ӨКМден жети  адамды агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн, министрликтин  Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

ӨКМ андан сырткары төмөнкү маалыматты берди. 

"12-июль саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ал Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду жууп, көпүрөлөрдү бузган. Саат 20:30дар чамасында Жаңы-Жол айыл аймагындагы нөшөрдөн кийинки сел Малкалды жайлоосуна барчу ички жолду каптаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иштеп жатканын, дагы кошумча маалымат берилерин айтышты.

551
Белгилер:
өлүм, сел, Аксы, Жалал-Абад облусу
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркап, тазалоо иштери жүрүүдө. Сүрөт

Индияда суу астындагы жер көтөрүлдү. Коркунучтуу окуянын видеосу

6
(жаңыланган 11:20 26.07.2021)
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

6
Белгилер:
суу, кубулуш, окуя, Индия
Тема боюнча
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео
Ысык-Көлдө болгон жол кырсык

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр

24
(жаңыланган 11:05 26.07.2021)
Жол кырсыгы Чырпыкты айылында болду. Жеринде каза болгон адамдан тышкары дагы үч киши ар кандай жаракат алды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда автокырсык болуп, бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Столкновение автомобилей Toyota Yaris и Toyota RAV4 возле села Чырпыкты в Иссык-Кульской области. 26 июля 2021 года
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган

Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган.

Ал жерге үч куткаруучу барып, каза болгон кыздын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам алып кеткен.

24
Белгилер:
өлүм, кыз, жол кырсык, Ысык-Көл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы
Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды