Сел. Архив

ӨКМ: Аксыда сел алып кеткендердин арасында 5 жаштагы бөбөк бар

427
(жаңыланган 11:45 13.07.2021)
Анткен менен райондук милициядагы ишенимдүү маалымат булагынын айтымында, изделип жаткандардын арасында 5 жана 3 жаштагы эки бөбөк бар.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Аксыда сел агызган сегиз адамдын ичинен алтоонун сөөгү табылды. Изделгендердин арасында 5 жаштагы бала бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. Алгач Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов жети кишини суу агызып кеткенин тастыктаган эле.

"Кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол жана Таштак айылынын турак үйлөрүн, короо жайын каптап, сел сегиз адамды, анын ичинде Таштак айылынын беш жаштагы жашоочусун да агызып кеткен. Издөө иштеринен кийин алты адамдын сөөгү табылып, экөө изделүүдө", — деп билдирди ӨКМ.

Ал эми райондук милициядагы ишенимдүү булактардын айтымында, табылган беш адамдын ичинен экөө аял, бирөө эркек жана бир жаш кыз. Учурда 5 жана 3 жаштагы бөбөктөр табылбай жатат. Издөө иштерине ӨКМдин, РИИБдин кызматкерлеринен жана жергиликтүү тургундардан жалпы 100дөй адам тартылганы кошумчаланды.

ӨКМ каза болгондордун сөөгүн саат 23:40тар чамасында тапкан. 

427
Белгилер:
Аксы, сел, ӨКМ, бөбөк, сөөк, өлүм
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
Аксыда нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 7 адам көз жумду
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

470
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

470
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео
Калашников автоматы. Архив

Чек арачылар Баткендеги контрабандалык жүктү токтотуу үчүн асманга ок атышты

461
(жаңыланган 18:00 30.07.2021)
Чек арадагы аскерлер кызмат өтөп жатып Кожобакырган каналынын боюнда Тажикстан тарапты көздөй кетип бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

  • Задержанный пограничниками мини-грузовик с контрабандой селитры в селе Жаштык Баткенской области. 30 июля 2021 года
    Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
  • Задержанный пограничниками мини-грузовик с контрабандой селитры в селе Жаштык Баткенской области. 30 июля 2021 года
    Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан
    © Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба пограничной службы ГКНБ КР
Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту

Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.

"Аскерлер автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу чек арада тургандардын талаптарын аткарбай жолун улаган. Мындан улам Чек ара кызматынын аскерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда айдоочу автоунаасын токтоткон", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам 31 жаштагы Кыргызстандын тургуну болуп чыккан. Ал өткөрмө пунктунан сырткары Кыргызстандан Тажикстанга 3,5 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылганы маалым болду.

461
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, чек ара, контрабанда, селитра
Тема боюнча
Москвада КРден барган 49,8 млн. сомдук контрабандалык iPhone аэропорттон кармалды
Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм. Сүрөт