Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери

Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек. Издөөгө 100дөй адам тартылды

198
(жаңыланган 09:50 13.07.2021)
Сел жүргөн маалда беш жаштагы баланы Таштак айылынан, үч жашар кызды Жолборсту айылынан агызып кеткен.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. ӨКМ эртең менен саат 06:55ке карата берген маалыматында Аксы районундагы сел сегиз адамды агызып кеткенин билдирди.

Учурда алты адамдын сөөгү табылып, беш жаштагы бала жана үч жашар кыз дайынсыз болууда.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин 26 куткаруучусу, Аксы райондук милициянын 7 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Жаңы-Жол айылында эки турак жайдын короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Беш жаштагы баланы Таштак айылынан, үч жашар кызды Жолборсту айылынан агызып кеткени маалым болду.

198
Белгилер:
издөө, бөбөк, Аксы, сел
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
Аксыда нөшөрдөн кийин сел жүрүп, 7 адам көз жумду
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

10
(жаңыланган 11:30 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

10
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти

Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео

28
(жаңыланган 11:26 26.07.2021)
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

28
Белгилер:
суу, кубулуш, окуя, Индия
Тема боюнча
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео