Аксыда сел агызган жети адам бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Видео

© Фото / пресс-служба МЧСАксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
12-июль күнү кечке маал Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Аксыда сел агызган алты киши бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек. Издөөгө 100дөй адам тартылды
"Сел агызган сегиз адамдын ичинен жетөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени такталды. Жаан катуу жааган маалда алар Жолборсту айылында тигилген чатырда болушкан. Издөө иштеринин натыйжасында алты адамдын сөөгү табылды. Алар 63 жаштагы жана 40 жаштагы аялдар. Ошондой эле 12, 7, 16, 3 жаштагы балдар. Мындан сырткары, 5 жана 3 жаштагы бөбөктөр изделүүдө. Анын бирөө ушул үй-бүлөнүн мүчөсү", — деди Султанмуратов.
Учурда эки бөбөктү издөө иштери уланып жатканы айтылды. Ага 100дөй адам тартылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0