Кара-Сууда жоголуп кетти деген кишинин сөөгү дарыядан табылды

© Фото / пресс-служба МЧСОштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголуп жаткан 54 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды
Оштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголуп жаткан 54 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Туугандары өз алдынча издеп, бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголуп жаткан 54 жаштагы кишинин сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эркек киши Кызыл-Суу айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Туугандары өз алдынча издеп, бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылганы айтылат.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0