Кара түтүн каптап, жалындаган базар. Кадамжайда тартылган видео

© Фото / пресс-служба МЧСПожар на рынке в Кадамжайском районе Бактенской области
Пожар на рынке в Кадамжайском районе Бактенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Тилсиз жоо менен үч бригада күрөшкөн. Алдын ала маалыматтарга таянсак, 432 чарчы метр аянт өрттөндү.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кадамжай районундагы Халмион айылындагы базардан өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Видео "Короче" Тelegram тайпасына жарыяланды.
ӨКМден соода жайындагы өрт ошол жерге орнотулган контейнерден чыкканын айтышты.
"Тилсиз жоо менен күрөшүүгө үч бригада тартылган. Саат 08:30да чектөөгө алынып, өрт толугу менен 09:15те өчүрүлдү. Алдын ала берилген маалыматтарда 432 чарчы метр аянт күйүп кеткен, жабырлангандар жок", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн эмнеден чыкканы такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0