Москвада мушташкан кыргыз-тажик мигранттары Россиянын аймагынан чыгарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар массалык мушташка 180 киши катышканын жазышкан. Соңку маалыматтарда 100 адам кармалганы айтылууда.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москвада массалык мушташ уюштурган чет элдиктер соттун чечими менен Россиядан чыгарылат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигине таянып РИА Новости жазды. 
Окуяга байланыштуу башкаларга да жаза каралары айтылган.
"Массалык мушташка тиешеси бар дагы бир канча адамга Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ түнү "Кузьминка" метросунун жанында массалык мушташ чыгып, ага болжол менен 200дөн 400гө чейин адам катышкан. Алар негизинен Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары деп жазат РИА Новости. Айрымдар оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кыргызстандын элчилиги Москвадагы массалык мушташ боюнча билдирүү таратты
Полиция окуяга тиешеси бар делген 103 адамды кармады. Алардын баары өлкөгө кирүү боюнча эрежелерди бузган, майда бейбаштык кылып, тартип коргоо органдарына баш ийген эмес деп айыпталууда. Ошондой эле мыйзамга каршы келген жыйындарды жана митингдерди уюштуруу тууралуу протокол толтурулат.
Белгилей кетсек, буга чейин россиялык ЖМКлар кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын ортосунда чыр болгонун жазып чыгышкан. Өзбекстандыктар тууралуу айтылган эмес. Массалык мушташка 180 адам катышканы белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0