COVID дагы 10 бейтаптын өмүрүн алды. Жаңы статистика

© AFP / FETHI BELAIDСитуация в Тунисе из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Тунисе из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Жалпысынан Кыргызстанда 143 668 адам илдет илештирген. Анын ичинен 120 731и ооруну жеңди. Ал эми пандемия башталгандан бери оорудан 2 133 адам көз жумду.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 398 кишиден коронавирус табылып, 1 037 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 773;
  • Ош шаары – 67;
  • Чүй облусу – 177;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 52;
  • Жалал-Абад облусу – 111;
  • Баткен облусу – 119.
Жалпысынан Кыргызстанда 143 668 адам илдет илештирген. Анын ичинен 120 731и ооруну жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 593;
  • Ош шаары – 43;
  • Чүй облусу – 117;
  • Ош облусу – 94;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 59.
Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Анын ичинен бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Жалал-Абадда жана бирөө Ошто көз жумду. Пандемия башталгандан бери оору 2 133 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 4 675 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 358 бейтаптын абалы оор болсо, 228 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 56 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0