Операция жасап жаткан дарыгер. Архив

Алайдагы үрөй учурган жол кырсык: төртүнчү киши ооруканадан үзүлдү

176
(жаңыланган 15:54 14.07.2021)
Көз жумган адам Toyota Corolla автоунаасынын 70 жаштагы айдоочусу болгон. Ал 11-июлдан бери Алай аймактык ооруканасында оор абалда жаткан.

ОШ, 14-июл. – Sputnik. Ош облусунун Алай районунда 11-июлда болгон жол кырсыгынан көз жумгандардын саны төрткө жетти. Маалыматты Алай райондук аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Кечээ көз жумган адам Toyota Corolla автоунаасынын 70 жаштагы айдоочусу болгон. Ал 11-июлдан бери Алай аймактык ооруканасында оор абалда жаткан.

"Айдоочу 13-июль күнү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза тапты. Анын мээси катуу жабыркап, сол санынын сөөктөрү майдаланып кеткен. Оң жак кабыргалары да бир нече жеринен сынган", – деди ооруканадан.

Эске салсак, 11-июлда Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там трассасынын 70-чакырымында жол кырсыгы катталган. Toyota Corolla үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Lexus LX 570 жолтандабас кагылышып, үч адам көз жумган. Айдоочуну кошкондо аталган кырсык төрт адамдын өмүрүн алды.

176
Белгилер:
жол кырсык, өлүм, Алай району, Ош облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (109)
Тема боюнча
Үч адамдын өмүрүн алды. Алайдагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Ошто жолтандабас менен жеңил унаанын кагышуусунан дагы бир аял көз жумду
ӨКМ кызматкерлери. Архив

ӨКМ: акыркы суткада үч киши сууга чөгүп кетип, экөөнүн сөөгү табылды

6
(жаңыланган 11:30 26.07.2021)
Куткаруучулар каза тапкандардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирөө Чоң Чүй каналына, экинчиси Киров суу сактагычына чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада сууга үч киши чөгүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 25-июль күнү, Бишкектеги Чоң Чүй каналында (БЧК) адамдын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган беш куткаруучу маркумду суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Ошол эле күнү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө эркек киши түшүп кеткен. ӨКМ аны беш куткаруучу издеп жатканын, сөөк табыла электигин билдирди.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров суу сактагычына 27 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге барган үч куткаруучу саат 20:47де маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

6
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, милиция, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте 5 жашар бала сууга чөгүп кетти

Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео

21
(жаңыланган 11:26 26.07.2021)
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

21
Белгилер:
суу, кубулуш, окуя, Индия
Тема боюнча
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео