Элчилик Москвадагы массалык мушташтын чоо-жайын айтып берди

© AFP / CHANDAN KHANNAДемонстрации против расовой дискриминации в США
Демонстрации против расовой дискриминации в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигрант ортосунда массалык мушташ болгонун көрсөткөн. Укук коргоо органдары тарабынан 103 адам кармалган, анын ичинен 72си Кыргызстандын жараны болуп чыккан.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарындагы массалык мушташтын чоо-жайы тууралуу жана мекендештерге кандай юридикалык жардам берилип жаткандыгы боюнча маалымат берди.
Эске салсак, Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигрант ортосунда массалык мушташ болгонун көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ болгон.
Элчиликтен билдиришкендей, 10-июлда кыргызстандык балдардын бычактан жаракат алып тез жардам унаасында ооруканага кетип бара жаткан фото жана видео тараган.
"Бул окуя бильярд клубунда болуп, белгисиз адамдар Кыргызстандын төрт жаранын бычактап кетишкен. Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Чыр-чатактын катышуучулары окуяны түшүндүрүп берүү үчүн элчиликке чакырылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ар кандай башаламандыкты болтурбоо максатында жабырлануучулар кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоо, тынчтыкты сактоо жана Россиянын мыйзамдарын сактоо өтүнүчү менен кайрылышкан.
Бирок буга чейин таркатылган фото жана видеолор боюнча социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар жайылтылып, талкуулар боло баштаган.
"Андан ары социалдык тармактарда белгисиз топтор жарандарды Москвадагы "Кузьминки" метросунун аймагына чогулуп, кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда улуттар аралык жаңжал чыгарууга үндөй баштаган", — деп жазылат билдирүүдө.
Массалык мушташ. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт
Мигранттар арасындагы кагылышууну болтурбоо максатында полицияга кабар берилген. Бирок буга карабастан, түн ортосунда агрессивдүү маанайдагы мигранттардын ортосунда көрсөтүлгөн жерде катуу кагылышуу болгон. Ага жалпысынан 180дей адам катышкан.
Укук коргоо органдары тарабынан 103 адам кармалган, анын ичинен 72си Кыргызстандын жараны. Бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу жарандарга укуктук жана башка жактан колдоо көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө барды.
Ошондой эле Россиянын аймагында чыр-чатактардын алдын алуу максатында элчилик тарабынан такталбаган маалыматтарды таратпоо жөнүндө жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0