АУЦАнын экс-президенти Качинс Кыргызстандан депортацияланып, айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба АУЦАПрезидент Американского университета в Центральной Азии Эндрю Качинс
Президент Американского университета в Центральной Азии Эндрю Качинс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Качинс сатуу максатын көздөбөй, анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо боюнча күнөөлүү деп табылды. 
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америка университетинин экс-президенти Эндрю Качинс Жазык кодексинин эки беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, бирок Жоруктар кодекси боюнча айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлады. 
Соттун өкүмү бүгүн, 15-июлда, чыккан. Эндрю Качинс Жазык кодексинин 270-268-беренеси, тагыраагы, "Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы" жана "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренелери менен күнөөсүз деп табылган. 
Бирок ал Жоруктар кодексинин 123-беренеси ("Сатуу максаты жок анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо") менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң сом айыпка жыгылган. 
"Өкүм күчүнө кирип, аткарылгандан кийин Эндрю Качинс эл аралык келишимдерде жана өлкө мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандан АКШга чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. 
Массалык мушташ. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Москвада мушташкан мигранттарды депортациядан тышкары дагы кандай жаза күтөт
Эске салсак, Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Буга 12-март күнү Эндрю Качинс аты жазылып, университеттин дарегине Дубайдан жөнөтүлгөн посылканын ичинен баңгизат чыкканы тууралуу материалдарды Бажы кызматы ИИМдин Тергөө кызматына жибергени себеп болгон. Посылканын ичинен табылган таблетка, капсулалар экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында курамында психотроптук зат бар экени аныкталганы айтылган. ИИМ университеттин президентин күбө катары суракка чакырып, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жаздырып алган. Кийинчерээк өзү Кыргызстандан кетүүнү пландап жатканын айткан
Жаңылыктар түрмөгү
0