Селдин кесепети. Архивдик сүрөт

Түрүлүп келип, жолду каптап. Оштогу кооптуу селдин видеосу

6553
(жаңыланган 23:46 15.07.2021)
Катуу жааган жаандын кесепетинен Ош — Папан — Кожокелең жана Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабылды.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош облусунда селдин кесепетинен айрым шаар аралык жолдор жабылганын ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 19:30дар чамасында Ош — Папан — Кожокелең унаа жолунун 45-48-чакырымдарын суу каптап кетип жабылган.

Ал эми саат 20:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 70-чакырымын суу каптап, кыймыл токтогон. Тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылган.

Ошондой эле Гүлчө айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында төрт кишинин короо жайларын сел каптаган, жабыркагандар жок.

Эки жакка тең ӨКМдин тиешелүү топтору менен техникалары жөнөтүлгөн.

6553
Белгилер:
жол, сел, ӨКМ, Ош
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Ырчы Самара Каримова. Архив

Вице-мэр кырсыктаган унаада ырчы Самара Каримова күйөөсү менен бараткан

283
(жаңыланган 13:40 27.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, кырсыкка кабылган ырчы Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Токтогул районунун аймагында автоунаа менен баратып кырсыктагандардын арасында ырчы Самара Каримова да болгон. Маалыматты Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады.

Автоунааны ырчынын күйөөсү Асан Мансуров айдап бара жаткан. Буга чейин аталган кырсыктан Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жаракат алганы кабарланган эле.

Кечээ, 26-июлда, таңкы саат 6:00дөр чамасында Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, жол четиндеги тосмону сүзүп алган. Алар Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан.

Милициянын маалыматы боюнча, Самара Каримова жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Унаанын ичинде жалпы беш жүргүнчү болгон. Алар ар кандай жарааты менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Айдоочу эч кандай жаракат алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

283
Белгилер:
Токтогул району, жол кырсык, ырчы, Самара Каримова
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Айтикул уулу: жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 30%га өстү
Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр
 Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев. Архив

Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Бишкек Ош жолунда автокырсыкка кабылды

225
(жаңыланган 11:51 27.07.2021)
Унаанын ичинде вице-мэр жана дагы үч жүргүнчү бараткан. Алар ар кандай жарааты менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев тастыктады. 

Анын айтымында, кечээ, 26-июлда, таңкы саат 6:00дөр чамасында Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, Токтогул районунун аймагында жол четиндеги тосмону сүзүп алган.

Унаанын ичинде вице-мэр жана дагы үч жүргүнчү бараткан. Алар денесинен ар кандай жараат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жабырлануучулардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айдоочу эч кандай жараат алган эмес. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

225
Белгилер:
Жамалбек Ырсалиев, жол кырсык, Токтогул району, вице-мэр
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  
Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр
Пекин шаарындагы аскердик парад. Архив

ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр

0
Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.

0
Белгилер:
АКШ, курулуш, өзөктүк курал, Кытай
Тема боюнча
Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат