Азиз Суракматов тергөө менен кызматташып, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековИзбранный мэр Бишкека Азиз Суракматов
Избранный мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
УКМКдан билдиришкендей, Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындан улам Биринчи май райондук соту мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо чарасына алмаштырды.
"КР Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, экс-мэр Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталууда. Ал 28-май күнү УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген болчу. 
Жаңылыктар түрмөгү
0