1 334 адамдан коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду. Соңку статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в ГКБ №52
Лечение больных с COVID-19 в ГКБ №52 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Бүгүнкү күндө стационарда 4 863 киши коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Бир сутка ичинде 1 334 адамдан коронавирус аныкталып, 1 163 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 702;
  • Ош шаары – 47;
  • Чүй облусу – 228;
  • Ош облусу – 67;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 24;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 79;
  • Баткен облусу – 118.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 146 292 кишиден табылып, 122 923 адам илдетти жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек – 674;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 153;
  • Ош облусу – 79;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 24;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу – 87.
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө пунктуларынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Муфтий Ракиев жана дин аалымдары COVID-19га каршы вакцина алды. Сүрөт, видео
Кечээтен бери коронавирус 11 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурунун алтоо Бишкекте катталса, Таласта эки киши, Жалал-Абадда бир, Ысык-Көлдө бир, Чүйдө бир бейтап каза тапкан. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 154 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Бүгүнкү күндө стационарда 4 863 адам коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери 33 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0