Кудукка түшүүгө камынып жаткан кызматкерлер. Архив

Тажибаев: кудукта каза болгон жумушчулар боюнча иликтөө жүрүшү керек

157
Тажибаевдин билдиришинче, көп учурда мындай окуялар иликтенбей жана көз жумгандардын жакындарына тиешелүү каражат төлөнбөй калат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудукта каза болгон жарандардын фактысы боюнча өндүрүштө болгон кырсык катары тергөө жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Эске салсак, кечээ, 15-июлда, Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылындагы кудуктан чоң киши менен жаш жигиттин сөөгү табылган. Алар К.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши менен А.К. аттуу 18 жаштагы улан экени, ошондой эле таза суу боюнча иш алып барган ишкананын жумушчулары болгону аныкталган. Учурда алардын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тажибаевдин билдиришинче, жарандар ишин аткарып жатып каза болгондуктан, окуяны Эмгек кодекси жана өкмөттүн Өндүрүштөгү кырсыктарды тергөө жана каттоо жөнүндө жобосуна ылайык, атайын комиссия иликтеши керек.

"Комиссия окуянын жагдайларын жана себептерин териштирип, жооптуу кызматкерлерди аныктайт. Жумуш берүүчү күнөөлүү деп табылса каза болгондордун үй-бүлөсүнө жыйырма жылдык киреше өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул, ошондой эле ай сайын компенсация төлөнүп берилиши керек. Көп учурда мындай окуялар иликтенбей, көз жумган кишилердин жакындарына тиешелүү каражат төлөнбөй калат", — деп айтылат маалыматта.

Тажиев адам өлүмүнө алып келген ушул өңдүү кырсыктар 15 күндүн ичинде иликтенип, комиссияга бир нече өкүл кирерин кошумчалаган.

157
Белгилер:
Жалал-Абад, Базар-Коргон, кудук, жумушчу, өлүм, иликтөө, компенсация
Тема боюнча
Жалал-Абад: Чарбак айылындагы кудуктан эки кишинин сөөгү табылды. Сүрөт
Базар-Коргондо сөөгү кудуктан табылгандар суу чыгарган ишканада иштешкен
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

27
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

27
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Жаалданган куруучу өнбөгөн карызы үчүн өзү курган тамды талкалап салды. Видео

269
Германияда көп кабаттуу үйдү салган адам акчасын төлөбөй койгондугу үчүн тамдын айнектерин жана балкондорун экскаватордун сузгучу менен талкалап салды. Муну ал өч алуу деп атаган.

Немец басылмалары окуя Блумберг шаарында болгонун жазышты. Имараттын жана анын жанындагы гараждардын чыгымы жарым миллион еврого бааланууда.

47 жаштагы "өч алгыч" субподрядчы болгон. Анын айтымына караганда, анын компаниясына 5 миллион евролук жумуштун акысын төлөп бербей коюшкан. Үй куруу үчүн башка техникаларды ижарага алып иштеткендиктен аларга да карыз болуп кеткен.

Экскаватор менен "өч алуу процессин" бүтүргөндөн кийин автоунаасына отуруп алып, полиция тилкесине барып, окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Тартип сактоочулар кийинчерээк ал адамдын бөтөн мүлктү талкалаганы үчүн жооп бере тургандыгын билдиришкен. Анткен менен ФГРдин мыйзамдары боюнча, ал адамдын иштери кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

269
Белгилер:
Германия, курулуш, өч алуу, полиция
Тема боюнча
Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео