Тез жардам кызматы. Архив

Токтогулда УАЗ менен Odyssey кагышып, бир адам каза болду

100
(жаңыланган 17:44 17.07.2021)
Жаракат алгандар тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Учурда абалдары орто деп бааланууда.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында УАЗ жана Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

ДТП с участием Honda Odyssey и УАЗ на трассе Бишкек — Ош
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында УАЗ жана Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаалар кагышып бир адам каза болду

Жол кырсык кечээ, 16-июлда, саат 20:44тө трассанын Токтогул районундагы Көчкүлү-Булак тилкесинде болгон. Мунун кесепетинен бир аял мүрт кеткен. ӨКМден үч куткаруучу келип, каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Мындан сырткары, тогуз адам жаракат алган, арасында 11 жаштагы бала дагы бар. Алар тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Учурда абалдары орто деп бааланып жатканы айтылды.

100
Белгилер:
өлүм, оорукана, ӨКМ, Токтогул району, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (108)
Тема боюнча
Ошто Lexus менен Toyota кагышып, эки киши каза болду. Видео
Алайдагы үрөй учурган жол кырсык: төртүнчү киши ооруканадан үзүлдү
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

21
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

21
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

56
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

56
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео