ӨКМ кызматкерлери сел жүргөн Аксы районунун Жолборсту айылында издөө иштери учурунда

Аксыдагы 8 кишинин өмүрүн алган сел. Кичинекей баланын сөөгү табылды

743
(жаңыланган 21:48 17.07.2021)
Ушуну менен сел алган 8 кишинин баарынын сөөгү табылды. Каргашадан алты чоң киши, эки кичинекей бала көз жумду.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Аксыда сел агызып, дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы баланын сөөгү табылганын ӨКМ кабарлады.

Эскерте кетсек, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ сел сегиз адамды агызып кеткенин айтып, анын ичинен алтоонун сөөгү табылганын билдирген. Кийинчерээк алар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени белгилүү болуп, төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барганы маалымдалган.

Эки күндөн кийин үч жашар кыз баланын сөөгү табылган болчу. Ал эми дагы бир бала дайынсыз болуп жаткан. Жалал-Абаддын облустук милициясы бөбөктү сел суу жээгинде ойноп жаткан жеринен агызып кеткенин билдирген.

"Ак-Жол айыл аймагында Кара-Суу менен Нарын дарыяларынын кошулган жеринде 5-6 жашар баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ата-энеси көз жумган бөбөк алардын баласы экенин тастыктады", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Ушуну менен сел алган 8 кишинин баарынын сөөгү табылды. Каргашадан алты чоң киши, эки кичинекей бала көз жумду.

743
Белгилер:
кырсык, бөбөк, ӨКМ, сел, Аксы
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
Аксыда сел агызган 3 жашар бөбөктүн сөөгү табылды
Селден көз жумган төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барган
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

29
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

29
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

56
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

56
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео