Бостери: бишкектик 19 жаштагы улан менен 43 жаштагы жергиликтүү киши бычакташып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө. Бычакташкан эки адам тең ооруканада экени айтылды.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында бычакташуу болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
"Золотые пески" пансионатындагы бардын биринде 19 жаштагы бишкектик улан менен 43 жаштагы жергиликтүү тургундун ортосунда пикир келишпестик жаралып, кийин бычакташуу болгон. 
Экөө тең жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылганы айтылды. Милиция кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0