Көмүр сатуу. Архив

Баткенде Тажикстанга аткезчилик менен көмүр ташып бараткандар кырсыктады. Видео

240
Кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жарандар менен көмүр компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.

БИШКЕК, 19-июл. – Sputnik. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кароол-Дөбө аймагынан Тажикстанга аткезчилик жол менен көмүр алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа чек арачылардын буйругуна баш ийбей, токтобостон жолун улаган. Мындан улам чек арачылар артынан кууп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Натыйжада качып бара жаткан автоунаа капталына оодарылып кеткен.

"Кармалган Д.М. жана Б.А. Кыргызстандын жарандары экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин колго түшкөн жарандар менен көмүр компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.

240
Белгилер:
аткезчилик, көмүр, Лейлек, чек ара, Баткен
Тема боюнча
Бажы кызматы контрабанда товарлардан бюджетке кошумча 121,2 млн. сом өндүрдү
Тажикстан Афганистандан качкан этникалык кыргыздарды кабыл алганын айтты
Милиция кызматкерелри. Архив

Билгендер кабарлап койгула. Милиция Орокто асылган кишини таануу боюнча кайрылды

143
(жаңыланган 18:20 26.07.2021)
Милиция жигиттин ким экендигин тактоо үчүн коомчулукка кайрылып, тааныгандар же окуянын шек-шыбатын билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сокулук районунун Орок айылындагы жолдун боюнан асылган адамдын сөөгү табылып, анын ким экендиги такталып жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлады.

20-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Орок айылындагы жолдун боюнда кишини асып кетишкендигин кабарлашкан. Маркумдун азият тектүү жана 20-25 жаштарда экени айтылды.

Милиция анын ким экендигин тактоо үчүн коомчулукка кайрылып, тааныгандар же окуянын шек-шыбатын билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.

Маркумдун кийимдери жана белгилери: 

  • Кийими: төш жагына таш баканын сөөгүнүн сүрөтү жана латын тамгалары түшүрүлгөн кара футболка, көк түстөгү жинсы шым, кара түстөгү спорттук бут кийим.
  • Белгилери: бою 165-170 см., арык чырай, узунураак кара чачтуу, кой көз.

Милиция бул адам туурасында кандайдыр бир маалымат билгендерди Сокулук райондук милиция бөлүмүнө же 0(3134) 5-33-80, 0(312) 60-75-67, 0(701) 80-18-03 телефон номерлерине чалууну суранды.

143
Белгилер:
издөө, милиция, сөөк, Орок айылы, Сокулук району, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак-Суу капчыгайынан табылган сөөк: милиция элге кайрылды. Фоторобот
Кыргызстандык аялдан 9 килограммга жакын гашиш табылды. Сүрөт
“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
9 килограммга жакын гашиш кыргызстандык аялдан табылган

Кыргызстандык аялдан 9 килограммга жакын гашиш табылды. Сүрөт

276
(жаңыланган 18:28 26.07.2021)
Милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөнү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык аялдан тогуз килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдирди. 

  • Гашиш изъятый у гражданки Кыргызстана весом почти 9 килограммов. 26 июля 2021 года
    Кыргызстандык аялдан тогуз килограммга жакын гашиш алынды
    © Фото / пресс-служба СБНОН МВД КР
  • Гражданка Кыргызстана, у которой изъяли почти 9 килограммов гашиша. 26 июля 2021 года
    Маалыматка караганда, милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн
    © Фото / пресс-служба СБНОН МВД КР
  • Гашиш изъятый у гражданки Кыргызстана весом почти 9 килограммов. 26 июля 2021 года
    Шектүү аялдын ким экени аныкталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) белгилери менен каттоого алынган
    © Фото / пресс-служба СБНОН МВД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КР
Кыргызстандык аялдан тогуз килограммга жакын гашиш алынды

Маалыматка караганда, милицияга 40-45 жаштагы жаран Чүй облусунан Россиянын Новосибирск облусуна баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Шектүү аялдын ким экени аныкталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) каттоого алынган. 

“Тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган Р.Н. аттуу аял кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 762 даана таңгакталган баңги каражаттары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм 930 граммды түзгөн гашиш алынды”, — деп айтылат маалыматта. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

276
Белгилер:
аял, сүрөт, гашиш, баңгизат, Кыргызстан
Тема боюнча
Жалал-Абадда 10 кг нашаа менен мурда кесилген адам кармалды. Сүрөт
“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт
Бишкектин четиндеги конушта күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду