Кыргызстанга көп келчү. Өзбекстандык мушкер Хантураев жол кырсыгынан мерт болду

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстандын ММА спортунун вице-президенти Мурод Хантураев. Архив
Өзбекстандын ММА спортунун вице-президенти Мурод Хантураев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Өлкөдө болгон турнирлерге катышып жүргөн Хантураев өзүнүн BMW X5 автоунаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада башка унаа менен сүзүшүп, катуу ылдамдыкта жолдон чыгып кеткен.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Аралаш мушташта "Азия аюу" каймана аты менен белгилүү мушкер, Өзбекстандын ММА спортунун вице-президенти Мурод Хантураев жол кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн саат 11:30да Ташкенттеги эс алуу жайларынын биринде болгон. Спортчу өзүнүн BMW X5 автоунаасын айдап бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада Chevrolet Lacetti унаасы менен сүзүшүп, катуу ылдамдыкта жолдон чыгып кеткен. 
"Каргашанын кесепетинен Мурод Хантураев мерт болду. 4-июлда 34 жашка толгон. Анын унаасындагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.
Хантураев Кыргызстандын WEF турнирлерине катышып, чемпион да болуп жүргөн. Бир нече жолу оор салмактагы кыргызстандык мушкерлер Мыктыбек Мамасалиев жана Тилек Жээнбеков менен беттешет деген кептер болгон. 2018-жылы Хантураевге кол салуу болуп, ошондон бери беттешке чыга элек болчу. Атасы спортчу жаракаттарына байланыштуу кесипкөй спорттон кетерин айткан. Ага кол салган жети киши ар кандай жаза мөөнөтүн алган. Акыркы ирет 2019-жылы Азиянын ачык чемпионатына катышып, атаандашын 25 секундада утуп алган. Жалпысынан ММА боюнча 12 беттешти утуп, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан. Артында жубайы жана уулдары калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0