Алай. Архивдик сүрөт

Ошто жер титиреди

70
Жер титирөө Алай районуна караштуу Кара-Киндик, Бар-Дөбө жана Нура айылдарында 2,5 баллга сезилген.

БИШКЕК, 20-июл. – Sputnik. Бүгүн, 20-июлда, эртең мененки саат 06:15те Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Алай районуна караштуу Кара-Киндик, Бар-Дөбө жана Нура айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Жабыркагандар жок жана кыйроолор катталган эмес.

70
Белгилер:
Ош, жер титирөө, ӨКМ
Тема боюнча
Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен жеринде катуу сел жүрөрү күтүлүүдө

Индияда суу астындагы жер көтөрүлдү. Коркунучтуу окуянын видеосу

0
(жаңыланган 11:20 26.07.2021)
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

0
Белгилер:
суу, кубулуш, окуя, Индия
Тема боюнча
Түштүк Кореяда беш кабаттуу үй эл ташып бараткан автобусту басып калды. Видео
Ысык-Көлдө болгон жол кырсык

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып, бир кыз каза болду. Сүрөттөр

22
(жаңыланган 11:05 26.07.2021)
Жол кырсыгы Чырпыкты айылында болду. Жеринде каза болгон адамдан тышкары дагы үч киши ар кандай жаракат алды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда автокырсык болуп, бир киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Столкновение автомобилей Toyota Yaris и Toyota RAV4 возле села Чырпыкты в Иссык-Кульской области. 26 июля 2021 года
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган

Аталган жолдун 32-чакырымында, тагыраагы, Чырпыкты айылында Toyota RAV4 жана Toyota Yaris автоунаалары сүзүшүп, анын кесепетинде бир кыз каза болду. Мындан тышкары үч адам жабыркаган.

Ал жерге үч куткаруучу барып, каза болгон кыздын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам алып кеткен.

22
Белгилер:
өлүм, кыз, жол кырсык, Ысык-Көл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ичип алып рулга отургандар көбөйдү. Чүйдөгү рейддин көңүл чөгөргөн жыйынтыгы
Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды