Ысык-Көлдөгү болгон жол кырсыгы

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгынан 5 киши каза болду. Видео

198
(жаңыланган 11:44 22.07.2021)
Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болуп, жеңил унаада бара жаткан беш киши өмүрү менен кош айтышты.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Lexus LX470 менен Mitsubishi Galant автоунаалары кагышып, беш киши көз жумду. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.

Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болгон.

В ДТП столкнулись автомобили Mitsubishi Galant и Lexus LХ-470 на востоке села Чырпыкты в Иссык-Кульской области. 22 июля 2021 года
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында Lexus LX470 менен Mitsubishi Galant автоунаалары кагышып, беш киши көз жумду

Маалыматка караганда, 61 жаштагы жергиликтүү тургун Mitsubishi Galant автоунаасы менен жолдун каршы тилкесине чыгып, алдыда келе жаткан Lexus LX470 автоунаасы менен сүзүшкөн. Аны 49 жаштагы Бишкектин тургуну айдап келе жаткан.

"Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу, жүргүнчү катары бара жаткан ошол эле Чырпыкты айылынын 53 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун үч жашоочусу каза болгон. Булардын ичинен үчөө аялдар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жолтандабастын төрт жүргүнчүсү алган жаракатынан улам райондук ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын ичинде тогуз жана алты жаштагы балдар бар экени айтылды. Булардын аты-жөнүнүн окшоштугуна караганда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин боолголоого болот.

Фактыны Ысык-Көл милициясы каттоого алып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

198
Белгилер:
жабырлануучу, өлүм, жол кырсык, Ысык-Көл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (108)
Тема боюнча
Бишкекте түндө жеңил унаалар кагышып, төрт киши жабыркады. Сүрөт
Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

13
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

13
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео
Милиция кызматкерлери издөө учурунда. Архивдик сүрөт

Ак-Суу капчыгайынан табылган сөөк: милиция элге кайрылды. Фоторобот

136
(жаңыланган 18:33 24.07.2021)
10-июлда Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында 55-60 жаш чамасындагы “Арапбай” аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чүй облустук милиция фотороботу түзүлгөн маркумдун ким экендигин таануу максатында элге кайрылып, тааныгандар болсо кабарлоону суранды. 

Фоторобот мужчины, труп которого был найдет в ущелье Ак-Суу на пастбище Жорголот Ак-Сууйского айыл-окмоту Московского района
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Маркумдун фотороботу
"10-июлда болжол менен 09:00 чамасында Ак-Суу капчыгайындагы Жорголот жайлоосунда (Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтү) азия тектүү, 55-60 жаш чамасындагы “Арапбай” аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча Москва райондук милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү” ) кылмыш ишин козгогон.

Милициядан маркумдун ким экени такталбагандыктан, аны өлтүрүүгө шектелип жаткан киши кармалбагандыгын билдирди.

Андыктан милиция элге кайрылып, фотороботтогу кишини тааныгандар болсо, байланышууну өтүндү.

Белгилери: бою 165-170 см., орточо дене түзүлүштөгү, бети тегерек, чачы кыска, ак аралаган. Өзгөчө белгиси — сол көзү чалыр. Кийими: көк түстөгү күрмө, боз өңдүү, кызыл боолуу спорттук бут кийим. Милиция бул адам тууралуу мурда билгендер болсо Москва райондук милициясына же болбосо 0(707) 54-21-71, 0(550) 22-17-17, 0(551) 35-53-17, 0(702) 00-78-79 телефондоруна кабарлап коюуну суранган.

136
Белгилер:
фоторобот, сөөк, милиция, Ак-Суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Аламүдүн: сууга чөгүп кеткен эки кыз менен бир баланын сөөгү табылды
Ош: куткаруучулар терезеден кирип, үйдөн 93 жаштагы кемпирдин сөөгүн тапты
Ала-Тоо аянтында сүрөткө түшкөн кыздар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
25-июлда өлкөдө ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 40 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жекшембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ысык-Көлдө +27…+32, Нарын аймагында +28…+33 градус болот.

Синоптиктер күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +38…+40, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетерин билдиришти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июль, аба ырайы
Тема боюнча
Аптаптуу ысык кайтып келет. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты