Ак жоолукчан аял. Архив

Ысык-Көл: милиция кароосуз калган балдардын жакындарын табууга жардам суроодо

64
(жаңыланган 12:06 22.07.2021)
Балдардын апасы аларды карап турууну өтүнүп чыгып кеткен бойдон келген эмес. Наристелердин төрт күндөн бери караган жакын кишиси жок.

БИШКЕК, 22-июл — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери милиция бөлүмү кароосуз калган эки баланын ата-энесин, туугандарын табууга жардам сурап жатат. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, облустагы Бостери милициясына 59 жаштагы аял кайрылып, төрт жана эки жаштагы уул балдар кароосуз калганын кабарлаган.

"Аялдын айтымында, 17-июлда кечки саат тогуздарда 25-30 жаштардагы айым эки жаш баласы менен Бостериден ижарага батир алган. 18-июлда эртең менен келин балдарын карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз жакка чыгып кеткен бойдон келбей койгон. Балдардын айтымында, улуусунун аты Алинур, ал төрт жашта, ал эми кичүүсү Акылбек эки жашка чыккан. Атасынын аты Жолдош, ал эми апасынын аты Перизат. Жаш балдар жашаган жерин так билишпейт", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Алинур боз түстөгү футболка, көк түстөгү чолок шым жана слансы кийген. Ал эми Акылбек ачык көк түстөгү футболка, көк шорта жана слансычан экени айтылды.

Милиция балдардын ата-энеси, туугандары тууралуу билгендер болсо 0505250545, 0502112131, 0709060962, 0394345202 номерлерине же 102ге чалып Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт.

64
Белгилер:
туугандар, ата-эне, Бостери, издөө, балдар, милиция, Ысык-Көл
Тема боюнча
Суудан кийимдерин табышкан. Көлдө жоголгон турист кызды издөө токтотулду
Сузакта кечээ сел агызып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

5
(жаңыланган 10:06 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши "кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес".

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы диломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши "кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган".

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага караша тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

5
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

223
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

223
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео