Чырпыктыдагы автокырсыктан көз жумгандар эки үй-бүлө болгон

© Фото / Pixabay/ ergeСлучаи ДТП
Случаи ДТП - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Дарыгерлер биринчи медициналык кароо жасап жатып Lexus айдаган адамдын мас экенин тастыкташкандыгын ЖКККББдан айтышты.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгиндеги трассадагы үрөй учурган жол кырсыгында аял-күйөөсү болгон эки үй-бүлө каза тапты. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Буга чейин Чырпыкты айылындагы кара жолдо Mitsubishi Galant менен Lexus LХ-470 кагышканы туурасында кабарланган. Ал жерден беш киши мүрт кеткен. Каргашалуу окуя 21-июль күнү саат 21:30дар чамасында болгон.

"Кырсыкка ким күнөөлүү экендигин дайындалган экспертиза көрсөтөт. Дарыгерлердин биринчи кароосунда Lexus айдаган кишинин мас экени тастыкталган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Lexus Балыкчы тараптан Чолпон-Ата шаарын көздөй кетип бара жаткан", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Бардык жүргүнчүлөр ооруканага жаткырылып, кырсыктын эмнеден болгону иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0