Милиция кызматкерлери издөө учурунда. Архивдик сүрөт

Ак-Суу капчыгайынан табылган сөөк: милиция элге кайрылды. Фоторобот

416
(жаңыланган 18:33 24.07.2021)
10-июлда Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында 55-60 жаш чамасындагы “Арапбай” аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чүй облустук милиция фотороботу түзүлгөн маркумдун ким экендигин таануу максатында элге кайрылып, тааныгандар болсо кабарлоону суранды. 

Фоторобот мужчины, труп которого был найдет в ущелье Ак-Суу на пастбище Жорголот Ак-Сууйского айыл-окмоту Московского района
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Маркумдун фотороботу
"10-июлда болжол менен 09:00 чамасында Ак-Суу капчыгайындагы Жорголот жайлоосунда (Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтү) азия тектүү, 55-60 жаш чамасындагы “Арапбай” аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча Москва райондук милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (“Адам өлтүрүү” ) кылмыш ишин козгогон.

Милициядан маркумдун ким экени такталбагандыктан, аны өлтүрүүгө шектелип жаткан киши кармалбагандыгын билдирди.

Андыктан милиция элге кайрылып, фотороботтогу кишини тааныгандар болсо, байланышууну өтүндү.

Белгилери: бою 165-170 см., орточо дене түзүлүштөгү, бети тегерек, чачы кыска, ак аралаган. Өзгөчө белгиси — сол көзү чалыр. Кийими: көк түстөгү күрмө, боз өңдүү, кызыл боолуу спорттук бут кийим. Милиция бул адам тууралуу мурда билгендер болсо Москва райондук милициясына же болбосо 0(707) 54-21-71, 0(550) 22-17-17, 0(551) 35-53-17, 0(702) 00-78-79 телефондоруна кабарлап коюуну суранган.

416
Белгилер:
Кыргызстан, Чүй облусу, Ак-Суу, милиция, сөөк, фоторобот
Тема боюнча
Аламүдүн: сууга чөгүп кеткен эки кыз менен бир баланын сөөгү табылды
Ош: куткаруучулар терезеден кирип, үйдөн 93 жаштагы кемпирдин сөөгүн тапты
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

20
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

20
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт
Жолчу оңдоо иштери учурунда. Архив

Бишкек: түндө мас айдоочу койдуруп кеткен эки жолчу тең көз жумган. Соңку маалымат

165
Жол кырсык кечээ болжол менен саат 1:55терде Горький менен Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анда айдоочу  бир кишини койдуруп кеткени эртең менен кабарланган. Милиция бир аз мурда анын бир эмес, эки жолчуну койдуруп кеткенин билдирди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Такталган маалыматтарга ылайык, мас болуп алган айдоочу эки кишини өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы кечээ түнү болжол менен саат 1:55терде Горький менен Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mazda Demio унаасынын 20 жаштагы И.Б. аттуу айдоочусу мас экенин аныкталган. Ал Горький көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан эки кишини сүзүп кеткен. Адегенде 27 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандын каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк Кайгуул милициясы дагы бир 34 жаштагы А.М. аттуу адамдын да көз жумганын билдирди.

Айдоочу Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, автоунаасы айып короого киргизилген. Экспертиза дайындалган.

Кайгуул милициясы көчөдө ичип алып автоунаа башкарган айдоочуну көргөндөрдү 102 кызматына же (0509) 102-122 WhatsApp номерине чалып кабарлоосун өтүндү. 

165
Белгилер:
Бишкек, айдоочу, жол кырсык, өлүм, Кайгуул милициясы
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: мас айдоочу сүзгөн жолчу ошол жерден көз жумду. Сүрөт