КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековАдам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган.

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага карата тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0