Бишкектин четиндеги конушта күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө кол салган

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши бычак менен. Иллюстративдик сүрөт
Киши бычак менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Милиция окуя болгон үйгө барганда аял каза болуп калган. Ал эми эркек кишинин жарадар экени айтылды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Ак-Жар конушунда жашаган киши аялын бычактап өлтүрүп, анда соң өзүнө кол салган деген маалыматты Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы таратты. 

26-июнда таңкы саат 07:23 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ак-Жар айылында бычактан жаракат алган адам боюнча билдирүү келип түшкөн.

Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, көз жумган аялдын (алдын-ала маалымат боюнча, бычактан жаракат алган) 35 жаштагы И.Г. аттуу жаран экенин аныктаган. 

"Мындан тышкары, ошол эле жерден бычактан жаракат алган эркек киши табылган. Ал 1983-жылы туулган З.Ж. аттуу жаран экени аныкталып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, күйөөсү аялына бычак менен кол салып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы белгилүү болду", — деп билдирди Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы. 

Аталган факт Аламүдүн РИИБине Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталган. Маалыматта сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0